«Соң-Көл» айыл аймагынын башчысы Урматбек Айманов 2022-жылга карата кайсы иштер алдынкы планда турганын айтты. Айыл аймакта мектептин жылуулук системасын жаңыртуу, маданият үйүн жаңылоо жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселелери алдыда турса, ФАП жана мечиттин курулушу быйыл колдонууга берилет деп күтүлүүдө.
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн башчысы менен маектешкенибизде 2021-жылы аткарылган жумуштар боюнча төмөнкүдөй маалыматтарга токтолду:
«Айыл аймагы дотациядагы айыл болгондуктан көп жумуштарды бүтүрүү үчүн бюджетибиз ченелүү гана, андыктан көп иштер проектилерди жазуу аркылуу ишке ашат. Ал эми жергиликтүү бийликтин депутаттары менен биргеликте айыл өкмөттүн аппаратына, мектепке, бала бакчага, айылдык китепканага 305миң сомго тендер өткөрүлүп, ноутбук, компьютерлер менен камсыздалды. Китепкананын фонду 10миң сомго адабий китептер менен толукталды. Мектептин ашканасына балдардын тамак ичүүсүнө ылайыкташтырылып, 145 миң сомго стол, стулдар сатып алынды.
«Соң-Көл» орто мектебинин эски корпусунун чатырчасы алмаштырылып, жалпысы 234094мин сомго жасалды. Мектептин жылуулук насостору 40мин сомго алмаштырылды. Маданият үйүнүн сахнасынын полу 7мин сомго жаңыртылды. Таза сууга 93мин сомго керектүү тетиктер сатылып алынып, 6336 сомго дезинфекцияланды.
Андан тышкары, М.Карабаев көчөсүндөгү сел өтүүчү каналга жаңы конушка өтүү үчүн 405мин сомго көпүрө курулуп пайдаланууга берилди.
Ошону менен катар Катар кайрымдуулук фонду тарабынан ФАПтын курулушуна жалпы суммасы 3млн 200миң сом, мечитке 2млн 100миң сомго проект өткөзүлүп, азыркы күндө мечиттин фундаменти куюлуп пайдубалы тургузулду. ФАПтыкы фундаменти куюлуп, основасы тургузулган. Буюрса быйылкы жыл менен бул башталган иштер бүткөрүлүү алдында турат.
Ал эми 2022-жылга пландалган иштер көп, алардын аткарылышы да бюджетке келип такалат, бирок ошентсе да демөөчүлөрдү таап, бул иштерди иш жүзүнө ашырабыз. Алгач эле күн жылыса мектептин жылуулук системасын алмаштырып от казанга өткөрүү керек болуп турат, ал жылуулук системасы советтер союзунда курулгандыктан эскилиги жетип кышкы жылытуу убагында көп түйшүктөрдү жаратууда. Андан соң маданият үйүнүн ички жасалгасын улуттук колоритте жасоо, атайын улуттук кийим-кече 5 эркек, 5 аялга тиктирүү.
Борбордук көчөгө штакетниктерди койдуруу. Бул штакетниктер эки жыл мурун башталган, аны аягына чыгаруу. Айыл ичиндеги жолдорго кум, шагыл түшүрүп ремонттоо. Чоң суунун жээгиндеги айылды каптоочу жерлерди жана айылдын үстүндөгү коктулардын жаан- чачында суу түшүүчү жерлерди бекемдеп тосуп, габион сетка койдуруу. Рекламалык щиттерди жасоо. Сары-Булак айылына түнкү жарык коюу.
Айылдын кире беришиндеги белдин кырына беседка, даараткана, таштанды салуучу челектерди койдуруу. Ал эми ири көлөмдөгү иштерден айылдан Соң-Көлгө кетчү жолду толугу менен ремонттоо, белден айылга чейинки жолду асфальттоо, АРИС программасынын негизинде 100 орундуу бала бакча салуу, башталып бүтпөй калган спрот залды, ФАПты, мечитти бүтүрүп колдонууга берүү. Бул биринчи кварталга карата аткарылуучу иштер, ал эми экинчи кварталда да көйгөйлүү маселер болсо убагында чечип бүтүрүүгө аракет кылабыз.»
Айпери Марлес кызы