Тогуз-Торо райондук оорукананын Жугуштуу оорулар бөлүмүнө Мирдин Мукашев жана Куштарбек Орозовдун демилгеси жана каржылоосу менен кичи кычкылтек станциясы курулду. Кычкылтек бөлүп чыгаруучу аппараттан 11 бейтап кычкылтек ала алат.
“Тилектеш Эл” коомдук бирикмесинин мүчөсү Берадор Мурзапайызов төмөнкүлөргө токтолду:
“Пандемия учурунда жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткан 6 палатага, 11 бейтапка жеткидей, кычкылтек түтүкчүлөрү киргизилди. Бардык жабдыктар менен жабдылды. Көмөк көрсөткөн Мирдин Мукашев жана Куштарбек Орозов агалабызга район элинин атынан ыраазычылык билдиребиз”.
Аткаруу жагы «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси тарабынан аткарылды.
«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси Тогуз- Торо районунда пандемия учурунда элге жардамдарды берип жатышты. Жакында бул уюм дарыгерлердин көңүлүн көтөрүү үчүн эстелик сүрөт тартып, дарыгерлерге гүл сунушту.
Анара Мааметова