Ак-Талаа районунун ооруканасындагы бузулуп калган 2 тез жардам унаасы жергиликтүү тургундардын жардамы менен оңдолуп, ишке берилди.
Пандемия учурунда райондо тез жардам унаасы жетишсиз болгондуктан жаштар социалдык түйүндөр аркылуу кайрылуу жасашкан. Натыйжада Чолок-Кайың айылынын тургуну Асаналы уулу Кубаныч оорукананын “Форд” үлгүсүндөгү тез жардам унаасын, ал эми “УАЗ” үлгүсүндөгү экинчи унааны Баетов айылындагы 1984-жылкы классташтар оңдотуп беришкен.
“Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Баялиевдин айтымында тез жардам кызматына тиешелүү «Форд» үлгүсүндөгү тез жардам унаасы бузулуп токтоп турган. Унаанын мотору жарабай калгандыгына байланыштуу жаңы жол тандабастын мотору орнотулуп, 100% оңдоодон өттү.
“Канча сумма кеткенин сыр бойдон калтырууну өтүндү. Бишкекке жүктөп кеткен тез жардам унаасын оңдоодон толук өткөрүп келген соң, Эгемендүүлүк күнүндө ооруканага тапшырып бердик. Ал эми “УАЗ” тез жардам унаасын оңдоо үчүн бардык тетиктерин Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебин бүткөн 1984-жылкы агаларыбыз алып беришти”,- дейт.
Мындан сырткары, классташтардын тез жардам кызматкерлерине 1 шкаф жасатып, тез жардамга керектүү дарылар менен камсыз кылышканын кошумчалады.
Оору күч алган учурда аймактардагы тез жардам унаалар эл тарабынан жаңыртылып же ремонттолуп жатты.
Барчын Мамытбекова