Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: uchkun

Сүрөтбаян: Нарындагы булакта шыңгыраган муз кристаллдары

Кыш мезгили дегенде эле кар, муз жана аяз эсибизге келет. Бирок климаттын өзгөргөнүнөн улам өлкөнүн бир топ жерине кардын аз жаап, кыштын жылуу өтүп жатканын байкалууда. Бул фотобаянда Нарын районунун …

Учкун айылында мектеп парламенти өз алдынча уюм катары иш алып барат

Нарын облусунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин мектеп парламенти өзүн-өзү башкаруу уюму наамына ээ болду. Мындан ары парламенттин өзүнүн мөөрү болот жана ар түрдүү бей өкмөт уюмдар менен …

Окуучу: Айылда муз аянтчасын ачуу убакытты кызыктуу өткөрүүгө жол ачат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылдагыдай эле муз аянтчасы иштеп жатат. Ал жерге окуучулар, жаш үй-бүлөлөр келип муз тебишет. Айылындагы муз аянтчасы коньки жана чана тебүүгө ылайыкталган.

Азык-түлүктүн кымбат болушу айыл тургундарын кыйнады

Пандемияда өлкөдө бир топ азык-түлүктүн баасы өстү. Анын негизинде айыл тургундарынын жашоосунда кыйынчылык жаралды. Бул тууралуу Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди.

«Онлайн ыр кесе». Пандемия мезгилинде иш-чара уюштурган айыл тургундары

Дүйнөлүк экономикага, билим берүүгө таасирин тийгизген COVID-19 пандемиясы Учкун айылынын маданий жашоосуна терс таасирин тийгизди. Бирок ага карабай айыл тургундары вотсап аркылуу ыр кесе уюштурушту. Бул тууралуу Чоро Кожомжаров атындагы …

Элдин үнү: Пандемияда айыл тургундары эмне менен алек болду?

Коронавирус пандемиясы өлкөнүн абалына, экономикасы жана билим-берүү тармагына таасирин тийгизди. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус пандемия планетадагы миллиондогон адамдардын аң-сезимине тескери таасир тийгизгенин айткан.

Шайлоо-2021: Жаңы шайлоо системасы тургундар үчүн бир аз татаал болду

Региондордогу парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу билүү максатында Нарын районундагы №4052 — Учкун шайлоо участогунун төрайымы Майрамкүл Мүдүнова менен маек курдук. Төрайым бизге бул шайлоонун кандай өткөнү тууралуу айтып берди.

COVID-19 пандемиясы көп балалуу үй-бүлөлөргө кандай таасирин тийгизди?

Коронавирус пандемиясы өлкөнүн абалына, экономикага жана аймактардын жашоо турмушуна олуттуу таасирин тийгизди. Айрыкча, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн оор болду. Бул тууралуу Учкун айылынын социалдык педагогу Гүлзат Кадыркулова билдирди.

Учкун: Көчмө добуш берүүгө Бельгия менен Россиядан келген байкоочулар катышты

Нарын районуна карашатуу Учкун айылында участкадан тышкары добуш берүү өттү. Ага комиссия мүчөлөрү жана эл аралык байкоочулар катышты.

«Жаңы багыт». Пандемия жана аймактагы китеп окуу маданияты

Кыргызстандагы «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бакай Акылбеков коронавирус пандемиясы китеп окуу маданиятына эки багыттта таасир эткенин билдирди — анын пайдалуу дагы, зыяндуу дагы жагы болду.

«Полковник да китеп жазат». Талантбек Мүдүнов айылына арнап китеп чыгарды

Нарын районуна караштуу Учкун айылында милициянын, ички жана финансы полиция кызматынын полковниги Талантбек Мүдүновдун «Турмуштагы туура жол» китебинин бет ачары болду. Иш чара Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүндө өткөрүлдү.

Учкунда окуучулар арасында дебат өткөрүлдү

Нарын районунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде «Маалымат каражаттары жана блогерлер» темасында дебат оюну болуп өттү. Дебатка 14 жаштан 17 жашка чейинки окуучулардан түзүлгөн сегиз топ катышты.

Учкун: Элеттиктер өз күчү менен таза суу көйгөйүн чечишти

Нарын районуна караштуу Учкун айылында көп жылдан бери таза суу жетишсиз болуп, тургундар ар кандай ооруларга чалдыгып келген. Тургундары өз күчү менен айылдан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан Кош-Булакатан айылга таза …

«Эгемен элим эрктүү бол!» — Учкундагы эгемендүүлүк күнү

31-августта Нарын районунун Учкун айылында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүң 30 жылдыгы белгиленди. Айылдын маданият үйүндө жөө жүрүш жана салтанаттуу иш-чара өтүп, келген конокторго концерт тартууланды.

Учкун айылында коронавирус оорусу каттала элек

Нарын районундагы Учкун айылында коронавирус оорусу менен катталган адамдар жок. Ал эми жашы улгайып калган же өнөкөт оорусу бар адамдар учурда дарыланып жатышат. Бул тууралуу Учкун айылынын үй-бүлөлүк мед борбордун …

COVID-19: Айыл тургундары маалыматты соц тармактардан алышат

Нарын районунун Учкун айылында жашоочулар коронавируска каршы вакцинация тууралуу маалыматтарды социалдык тармактардан алышат. Бул тууралуу айыл жашоочулары маектешүү учурунда билдирди.

«Пандемия тоскоол эмес». Учкунда жергиликтүү бийлик кандай иштерди аткарды?

Нарын районундагы Учкун айылынын жергиликтүү бийлиги пандемия шартында көп жылдан берки таза суу маселесин чечип, вирусту алдын алуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Учкун айылынын тургундары жана айыл башчысы Жумакадыр Исмаилов …

Коронавирус балдардын аң-сезимин өзгөрттү

Covid-19 илдети бардык мамлекеттерге, жалпы элдерге гана эмес балдарга, алардын аң сезимине дагы таасирин тийгизди. Пандемия учурунда балдардын окуусу кандай болгонун жана эс алуусу кандай өтүп жатканын «Учкун медианын» кабарчылары …

Фотобаян: Улан жайлоосундагы жашоо

Жайлоо – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Учкун айылына тиешелүү Улан жайлоосу дагы ошондой сууга бай, көркөмү кооз жер. Жайлоонун чөбү жагымдуу …

Коронавирус жаштар үчүн чоң сыноо болду

Коронавирус пандемиясы региондордогу жаштарга чоң сыноо болду. Окуучу жана студенттер окууларынан кыйналса, жаштар илдетти жеңүү үчүн биргеликте иш алып барган. Бул тууралуу Нарын районуна караштуу Учкун айылынын жаштары белгилеп, өз …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...