Нарын районуна караштуу Учкун айылында көп жылдан бери таза суу жетишсиз болуп, тургундар ар кандай ооруларга чалдыгып келген. Тургундары өз күчү менен айылдан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан Кош-Булакатан айылга таза суу киргизди.
Учкунда жалпы 600дөн ашуун түтүн эл жашайт. Учурда айылга таза суу толук киргизилди. Бирок 30 пайыз иштер калды. Таза суу маселесин чечүүдө айыл эли бир топ кыйынчылыктарга туш болгон. Иштин жүрүшү тууралуу айыл башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди.
«Азыркы учурда иштер толук бүттү деп эсептебейм. Себеби, көмүү иштеринин 30 пайызы калды, Иштерди жүргүзүүдө долбоор жазып, ошол долбоордун негизинде 156 кишиге ун, май жана башка 7 жарым миң сомдук азык-түлүктөрдү берип, ишти бүтүрдүк. Көмүү-казуу иштеринде айыл тургундары жардам беришти. Албетте ар бир жумуштун кыйынчылыктары болбой койбойт, бул иште техникалык жактан кыйынчылыктар болду, Нарындан эксковатор алып келип күнүгө 25 миң сомдон төлөп бердик», —деди ал.
Жашоочулардын айтымында, айылга таза суу киргенине кубанычта. Учкундун тургуну Гүлзар Шаршенова таза суу киргизүү маселесин көтөргөн айыл башчы менен акчаны чогулткан Майрамкүл Мүдүновага ыраазы экенин белгиледи.
«Биз бул иш үчүн 10 миң сомдон акча бердик. Жыйынтыгында таза суу менен камсыз болдук. Алгач эле ушундай ынтымак менен маселени чечсек болмок деп ойлойм. Алгачкы суу менен азыркы суунун айырмасы чоң деп эсептейм. Келечекте балдарыбызга, айыл тургундарына пайдасын тийгизет деп ойлоп кубанып турам. Айыл башчы Жумакадыр Исмаиловго жана Майрамкүл Мүдүновага дагы терең ыраазычылыктарды билдиребиз», — деп билдирди айыл тургуну Гүлзар Шаршенова.
Сууну тарттырып келүүдөгү иштерди айыл тургундары өз чөнтөктөрүнөн ар бир түтүн 10 миң сомдон чыгарып каржылашты. Урууларга бөлүнүү менен акчаны толук чогултууга аракет кылышты. Акчаларды так, толук кылып айыл башчыга өткөрүп берип жаттым дейт Майрамкүл Мүдүнова.
«Айыл тургундары, айылдык депутаттар мени акча эсептеп чогултуп берүү жоопкерчилигин беришкен, ошол жооперчиликти так аткарып, элге жардам берүү максатында чогултуп жатам. Кээ бир колунда жок үй-бүлөлөргө туугандары жардам берип чогултушуп беришти. Жалпы 19 түтүн бар. Уруудагы жаштар өзүлөрүнүн акчасын толуктап мага өткөрүп берип жатышты. Жумуш толук бүтө элек болгонуна байланыштуу азыркы учурда кээ бир үй-бүлөлөр алып келип өткөрүп берип жатышат», — деди аялдар кеңешинин төрайымы.
Буга чейин Учкун айылындагы таза суу көйгөйү тууралуу жазылып келген.
Дагы окуңуз:
Айыл тургундары өз күчү менен таза суу чыгарууну демилгелешти