Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары алты айылдын мектептерин жана бала бакчаларын кыдырып чыгышты. Анда мектептердин жана бала бакчалардын кышка даярдыгы, ремонтторунун абалы, ысык тамак берүү тартиби ж.б көйгөйлөр аныкталып, аларды чечүү — кезектеги сессияда каралаары айтылган.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Рустам Асранов мектептерде көйгөйлөр өтө көп экенин билдирип, алардын ичинен эң орчундуусу Кызыл-Суу айылындагы №50 мектеп экенин баса белгиледи.
«Биз бүгүн Могол айыл аймагындагы мектептерди, бала бакчаларды текшердик. Негизинен мектептерде көйгөйлөр көп экен. Бир мектепте жылуулук маселеси болсо, бир мектептин ремонт иштери канааттандыраарлык эмес. Тамак-аштын берилүүсү боюнча эч маселе жок. Баардык ысык тамак берилген мектептердин тамак берүү менюсун карап чыктык. Баары нормалдуу. Окуучулар ысык нан, ысык тамак, ар түрдүү мөмөлөрдөн, кургатылган кактардан компот ичишет экен. Эң көйгөйлүүсү болуп №50 мектеп болду. Анткени мектеп эски, авариялык абалда. Зым чубалгылары күйүп кеткен, техникалык коопсуздук каралган эмес. Эскертүү берип, жардам берели деп жазып келдик»-деди депутат Рустам Асранов.

Чарбак айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Рустам Асранов
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебин текшерүү учурунда башталгыч класс мугалими Эльмира Бапанова өзүнүн классынын көйгөйлөрүн айтып, кышында класстык бөлмө суук экенин кошумчалады.
«Менин класстык бөлмөмдө меш жок болгондуктан, кышында ичи суук болот. Кошумча жылытуу мештерин саям. Бирок, ага карабай мектептин экинчи корпусу эски болгондуктан эшиктери жакшы жабылбайт. Мен депутаттардын суранар элем, кандайдыр бир долбоорлор болсо биздин мектептин башталгыч класстар корпусунун эшиктерин пластик эшиктерге алмаштырып беришсе… Антпесе, жаккан отун, көмүрлөр эшик жакшы жабылбагандыгынан текке кетип жатат», — дейт мугалим.

Эльмира Бапанова
Жергиликтүү кеңештин депутаты Анара Азимкулова айыл аймактагы эски мектептердин маселесине токтолуп, аларды сессияда чечүү жолун карайбыз дейт.
«Көк-Тонду айылында мектепте да бир канча көйгөйлөр бар экен. Башкысы мектептеги көйгөй электр чубалгыларынын күйүп кетүү коркунучу бар экенин аныктап, мектеп директоруна тийиштүү чара көрүүсүн өтүңдүк. Ал эми Чарбак айылындагы Балтабаев мектебинин терезелери жок, спорт залына суу өтүп жатканын айтышып, чатырын жаңылоо керектигин мектеп директору баса белгиледи. Сессияга коюп, чечип берүүгө аракет кылабыз. Азыркы текшерип жаткан Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучуларынын катышуусу, формасы, окуу куралдары, ысык тамак берүүсү эң жакшы экенин көрдүк»-деди Азимкулова.

Депутат Анара Азимкулова окуучулар менен баарлашуу учурунда
Депутат Кадича Жумабаева окуу борборлорун кыдырууда бала бакчалардын кышка даярдыгына күбө болдук дейт.
«Бала бакчаларды текшерүү учурунда тамак-аш, балдардын бакчага келүүсү боюнча бир да маселе жаралган жок. Бардык бала бакчалар кышка даяр экенин көрдүк. Көмүр, отундар түшүрүлүп, кампаларда турат. Бакчаларда көйгөйлөр бар. Бирок, ал маселелер боюнча айыл өкмөт Эркин Турдукуловго кат аркылуу кайрылып, чечимин күтүп жатышат. Сессияга баардык текшерүүдөн кийинки жазып алынган көйгөйлөрдү коебуз. Айыл өкмөт бюджетке карап, чечип берет деген ишенимдебиз».

Кадича Жумабаева: «Текшерүүдөн сөзсүз жыйынтык чыгарышыбыз керек»
Мектептерди текшерүүдөн кийин маселелер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясына коюлуп, алардын ичинен орчундуулары тандалып алынып, айыл өкмөттүн кароосуна жиберилди.
Гулназ Камбарали кызы