Суусамыр айылындагы Көкөмерен дарыясына курулган көпүрө ушул жылдын август айында кулап калган. 2017-жылы курулуп, колдонууга берилген көпүрөнүн кулап калышы тургундар үчүн табышмак болду.
Көпүрөнүн кулап калышы мал-жандыктарды айдап өтүүдө жана эгин бышып, чөп жыйналып жаткан убакта айыл тургундарына бир топ түйшүктү алып келди. Көпүрө ушул жылдын август айында жарактан чыгып калса дагы, кайра калыбына келтирүү иштери жүрбөй жаткандыгына жергиликтүү эл нааразы. Айыл тургуну Бактыгүл Сатарбекова көпүрөнүн кулап калышы ошол жердеги тургундардын жашоосуна кедергисин тийгизип жаткандыгын билдирди.
“Мен үй-бүлөм менен Арамза аймагында жашайм. Бул жерде 10 чакты түтүн мал багып жашашат. Айылга баруу үчүн чоң сууну кечип өткөнгө туура келип жатат. Айрыкча балдарды суу кечиргенден коркобуз. Ал эми машина менен 1-Май айылын айланып каттап жатабыз. Убакыт көбүрөөк кетип калат. Бул жерде жайлоолор, айдоо аянттары, чамынды жерлер бар. Аларга баруу үчүн тургундар ушул көпүрө аркылуу каттачу. Эми суук түшүп келе жатат. Кыш түшкөнчө көпүрөнү оңдоп берсе деген ойдомун”.
Буга чейин кулап калган көпүрө маселеси Жогорку Кеңеште депутат Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан көтөрүлгөн. Ал эми Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов Жайыл райондук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына билдирүү жөнөтүлгөндүгүн төмөнкүдөй билдирди.
«Биз көпүрө кулаган убакта эле тиешелүү жерлерге кайрылганбыз. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы каралып, тиешелүү жерлерге тапшырмалар берилген. Азыркы убакта комиссия келип жеринде көрүп, техникалар менен суунун нугун буруп кетишкен. Эми көпүрөнүн эмне себептен кулагандыгын комиссия карап текшерип жатат. Кайра калыбына келтирүү ишине акча каражаты которулса керек… Ошол себептен кайра калыбына келтирүү иши кечигип жатат. Бул көпүрө 2017-жылы эле Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан курулуп, ишке берилген болчу»-дейт Суусамыр айыл аймагынын башчысы.
Азиза Тамчиева