Кеңеш айыл аймагында күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү максатында 16-октябрь күнү ишембилик болуп өттү. Ага жалпы айыл аймактын жашоочулары жана мамлекеттик кызматкерлер катышты. Ишембиликте тазалоо иштеринен тышкары борбордук жолдордогу чункурчалар жамалды.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери ишембиликте
Жолдогу суу өтүүчү түтүктөр тазаланды
Борбордук жолдорду оңдоого демөөрчүлөр тарабынан 10 тонна асфальт берилген
Шаңкол айылынын тургундары арыктарды тазалоо учурунда
Арбын айылынын жашоочулары ишембиликке активдүү катышты
Куу-Майдан айылынын тургундары да ишембиликке чыгышты
Жапар Нышанов мектебинин мугалимдери дагы мектептин айлана-чөйрөсүн тазалашты
Дары-Суу мектебинин окуучулары дагы ишембиликке чыгышты
Ноокат-Ош жолундагы Ак-Терек айылынын тургундары жол боюн тазалашты
Байыш айылында ашыкча бак-дарактар кыркылып, көчөлөр тазаланды
Ишембиликтин жүрүшүнө айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жооптуу болушкан.
Аймончок Кожонова