
09.07.2016- жылы Кошбулактагы бир канча социалдык объектилерлерге бирдей маанилүү болгон автоунаа жолун оңдоо боюнча долбоордун алкагында жүргүзүлгөн жумуштар мөөнөтүнөн мурда бүткөндүгүнө күбө болдук.

Окуя боюнча долбоордун автору, Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов: «Долбоорду 2015- жылы жазып, Түрткү (Дем) берүүчү грантка өткөрдүм. Жалпы наркы 1.8 млн сом. Анын 25% өздүк салым. Өткөрүлгөн тендерде жол куруучу ишканалардан «Ак-Тилек» Акционердик коому утуп алды. Долбоор боюнча көрсөтүлгөн мөөнөтү бир ай (30 күн) болчу. Бул ишкана 12 күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда бүттү. Буга шаардык Кенештин төрагасы К. Исмаилов, депутат Р. Абдыназаров жана «Сүлүктү шахта курулуш» АК Ген директору Р. Джураевдердин өздүк салымга демөөрчү катары оор жүк ташуучу автоунаалары менен жардам бергени себеп болду.
Шаарыбыздын мэри А. Ибрагимов башында турган бир топ аксакалдар ыраазычылыгын билдирип, Ак Бата берип, курулуш жумушчуларын жөнөттүк.»- дейт.
Кабарчы М. Исканов