Ак Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында 2015-жылы күзүндө нан бышыруучу цех ачылган. Нан бышыруучу цехти учурда Канышай Ысагалиева жетектейт. Аталган цех айыл тургундарын нандын түрлөрү менен камсыз кылып турат.

Бул цех учурда ижарага алынган имаратта иш алып барат. Айыл тургуну Кубат Райымбеков цех ачылгандан бери жашоочулардын турмушу жеңилдегенин айтат.

«Бул цех ачылгандан бери биздин айылга жакшы жардамдарын тийгизип жатышат. Коноктор келип калганда бул цехтен эле сатып алып турабыз», — дейт ал.
Терезелери сынып учурда цехтин абалы начар.

Нан бышыруучу цехтин техникасын ПРООН каржылап берген. Бул туурасында цехтин жетекчиси мындайча баяндады.

«Биздин цех 2015-жылы күзүндө ПРООНдун жардамы менен ачылып, ошондон бери иштеп келебиз. Бул цехте алты адам кызмат кылат. Биз негизи көбүнчө нан, булочка, кекс, торт, печенье, токоч жасайбыз. Жергиликтүү тургундардан жана коңшу айылдардан заказ алып иштейбиз», — деди Канышай Ысагалиева.

Аталган цех айылдар арасында өтүлгөн сынактарда биринчи орунду камсыз кылып келген.
Даярдаган: Бекмырза Бекмурат уулу
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак учун