Учурда Кыргызстанда саясатка кызыкпаган же ал тууралуу кеп кылбаган жаранды кездештирүүгө мүмкүн эмес. Бирок тилекке каршы, саясатка аралашкандын дагы, ал тууралуу сүйлөгөндөрдүн дагы басымдуу бөлүгү эркектер. Аялдарды саясатта көрүү азыркы учурда сейрек кездеше баштады. Эмне үчүн? Анда эмесе кеп ушул тууралуу болсун.
Социалдык технологиялар агенттигинин гендердик эксперти Бактыгүл Исланбекованын айтымында бийликте, айылдык кеңештерде аялдардын саны жылдан жылга азаюуда. Статистикалык маалыматтар боюнча 2004 жылы аялдардын саны 19% түзсө, 2008-17%, 2012-13%, ал эми 2016-жылы акыркы шайлоонун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештерде депутат болуп келген аялдардын саны 13% гана түзгөн. Башкача айтканда, азыркы күндө ар бир 5 айылдык кенеште 1 да аял жок. Статистикалык эсептөөлөр боюнча 2020-жылы шайлоодо айылдык кеңештерде 2-3% түшүшү мүмкүн деген болжолдуу статистикалык эсеп бар. Ал эми кийинки 2028-жылы өтүлүүчү шайлоодо айылдык кеңештерде 1 да аял болбой калышы мумкүн деген коркунуч бар.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылдык кеңешинде учурда жалпысынан 21 депутат, алардын 19 эркек, 2 аял. Аталган айылдык кеңештин депутаты Мамбетова Нургүл Керимбековнанын депутат болуусуна жолдошу түрткү болуп, 6 аял талапкерлигин коюп бир гана Нургүл айым өткөн. Аял киши эркек кишиден да мыкты жумуш алып бара алат деп эсептеген Нургүл айым : “Аялдарды саясатка, дегеле, жогорку кызматтарга келбегенинин себеби алардын мойнунда көп жүк артылуу болот экен. Мисалы, үй-бүлө, бала багуу аларды чоңойтуу, үй түйшүктөрү. Эгер аялды үй-бүлөсү колдобосо, ал эч качан жогорку кызматтарда иштей албайт деп ойлойм.
Коомчулукта айтылып келген шайлоодо аял аялды колдобойт деген пикирге каршы ойдо экендигин билдирген Нургүл айым аялдардын колдоосу менен депутаттыкка шайландым деп эсептейт. Себеби, аялдар гана аялдарды тушүнө алат деп көп айымдар активдүүлүгүн көрсөтүшүп, колдоого ээ болгон. Айылдык кеңештин депутаты Нургүл айымдын айтымында: “Аялдар саясатка барыш керек. Биринчиден, гендердик теңчилик болуш керек. Экинчиден, аялдардын көз карашы башка, эркектердики башка. Башкача айтканда саясатта баланс болуш керек”.
Бул туралуу жогоруда аталган айылдык кеңештин дагы бир депутаты Ѳмүрова Махсальмина да өз оюн билдирди:
“Менин оюмча аял кишинин орду саясатта, жогорку бийликте болуш керек. Мусулманчылыкта деле шариятта аял кишини аябай көтөрмөлөп, орду бийик көрсөтүлгөн. Ошондуктан аял киши бардык сферада мыкты иштей алат деп эсептейм”.
Ал эми РСК банктын Баетов айылдык филиалынын эсепчиси Жакыпбеков Руслан буга карата өзүнүн каршы пикирин төмөндөгүчө билдирди: “Менимче аялдын орду үйдө. Эгер аялзаты балдарды мыкты тарбиялап, жакшы жар, жакшы кожойке болсо мамлекетибизге кошкон чоң салымы деп билем. Бирок, тилекке каршы азыркы учурда Кыргызстанда аялдар кошо саясатка аралашып жаткандыгы туура эмес нерсе деп эсептейм”.
Мамбетова Нургүл: “Кыргыз коомчулугунда “аялдын орду уйдө” деген эски стереотип адамдардын канына сиңип калгандай. Аялдардын билими төмөн же өздөрүн көрсөтө алышпай жатышат дегенге ишенгим келбейт. Балким кыргыз менталитети аялдардын деңгээлин төмөн тушүрүп жаткандыр”.
Ошентсе дагы, айыл жергесинде аялдардын жогорку кызматтарга баруусун колдогон эркектер да жок эмес. “Албетте аялдар саясатта, жогорку бийликтин органдарында иштеши керек. Аялдар иштебесе социалдык көйгөйлөр көтөрүлбөй калат деген ойдомун. Менимче, “аялдын орду үйдө, саясатта эркектер гана болуш керек ” деген туура эмес көз караш. Азыр кыргыз коому аялды колдоо жагынан аксап жатат. Аялдарды колдосок коом өзгөрөт,”- деген оюн билдирди Баетов айылынын тургуну Байбагышов Исраил.
Жогоруда белгиленгендей жана замандаштарыбыздын маалыматында айтылгандай акыркы учурда кыргыз коомунда, кыргыз саясатында аялдардын жогорку кызматтарга же болбосо саясатта аз жолуктуруп жатканыбыз өкүнүчтүү. Бирок коомдо кандай маселе болбосун, аларды чечүүдө аял жолдоштор өздөрүнүн жигердүүлүгүн көрсөтүшөт деген илгери үмүттөбүз. Жыйынтыктап айтканда, коомдо эркектер менен катар эле аялдар да зор күч экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан
Сынак үчүн