Гендердик теңчиликке жеттик дегенибиз менен үй-бүлө жүгү көбүнөсе аялзатынын колунда экендиги талашсыз. Айрыкча айыл жергесинде аялдардын түйшүгү шаардык аялдардыкына салыштырмалуу бир топ. Айыл тургундарынын бир тобу аялдардын түйшүгү азайбайт десе, айрымдары үйдө жолдошу шарт түзүп бериши керек деген ойдо.
Ак-Талаа районундагы Кош—Дөбө айылынын тургуну Кулипа Мамбетакунова: «Айылдагы аялдын түйшүгү көп да. Шаар менен салыштыра турган болсок, шаарда аялдар үчүн көп нерселер бар. Тамагың салып койсон быша берет, ун салып койсоң жуурула берет дегендей да. Айылда жөнөкөй эле кир жуугуч машинасы жок. Көп балалуу болсо анын баарынын кирин жууйт»,- дейт.
Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаты Мирлан Жетигенов айылда аялдардын түйшүгүн азайтыш үчүн эң биринчи адамдын аң-сезимине жана кыргыз менталитетине реформа жасап, көз карашты өзгөртүү керектигин айтты.
Кыздарды кичине кезде эле үй-бүлөдө сен баарын билишиң керек деп тарбиялайбыз деген Гүлжаз Капарбекова, аялдар түйшүккө жакын келерин айтты.
Гендердик теңчилик темасындагы аудиосюжеттерди бул жерден угуңуз.
Барчын Мамытбекова