Эскерте кетсек, «Кризистик коммуникация жамааттары» долбоору өлкөдөгү кризис учурунда 3 секторду бириктирип, коммуникация борборун түзүп, элге туура так маалымат берүүгө багытталган долбоор. Коммуникация борборунда жарандык, мамлекеттик жана медиа секторлору чогуу, биргеликте иш алып барышты.
Долбоордо 6 команда иштешкен. 4 команда Кочкор районунда жайгашкан 4 мультимедиа борбор жана Бишкек шаарынан 2 журналист катышкан. Долбоордун алкагында 4 команда 8 материал, ал эми 2 команда 4 материал жасашкан. Макалалар kyrgyzmedia.kg сайтына жайгаштырылган.
Чогулушта Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова бул долбоордун башка мамлекеттерде кандай иш алып баргандыгы тууралуу айтып берди.
Жамааттык Медианын журналисти Айгерим Кубатбекова долбоордун Кыргызстанда кандай иш алып баргандыгы, долбоор кандай жыйынтыктарды көрсөткөндүгү тууралуу презентация жасады.
“Экономикалык журналистика жана финансылык сабаттуулуктун абалы” деген темада панелдик талкуу болду. Талкууга Назина Алыкулова — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Бааларды талдоо боюнча сектордун башчысы, Нургул Жаманкулова — Өнүктүрүү саясат институнун маалымат саясаты бонча адис, Кубаныч Мусуралиев — Улуттук банктын Финансылык сабаттуулук секторунун башчысы катышышты.
Чогулуштун жыйынтыгында долбоордун ар бир катышуучусуна сертификаттар тапшырылды. Андан тышкары ар бир журналистке экономикалык багытта жана калктын каржы сабаттуулугун арттыруу максатында журналисттик макалаларды колдоо үчүн 30 000 сомдук сертификаттар ыйгарылды.