2022-жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан журналисттер жана блогерлер арасында тоолуу аймактардагы мектепке чейинки билим берүүнүн зарылдыгын чагылдыруу, балдарды өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” ишмердүүлүгүн жайылтуу жана мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири коомчулуктун, ата-энелердин жана ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу максатында сынак өткөрүлгөн.
Сынакта эң мыкты радио берүү жана подкаст үчүн “Жамааттык медиа” каналынын журналисти Кубатбекова Айгерим түз эфирде атайын уюштурган программасы үчүн II орунду камсыз кылды.

Айгерим Кубатбекова

Сыйлык тапшыруу учурунда