1-декабрь — «Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү» күнүнө карата Ак-Талаа райондук маданият үйүндө райондук «СПИД» борбору менен биргеликте иш- чара болуп өттү. Бул иш чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Карагулова Кенже жана ошондой эле райондук мектептин окуучулары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө спидолог Элмира Макеевна буларды билдирди: «СПИД адамга өбүшүүдөн, кучакташуудан жукпайт. Ал СПИД илдетине кабылган донордун канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптардан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан жана СПИД оорусуна кабылган энеден балага кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана эмчек эмизүү учурунда жугат». Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ВИЧ инфекциясы менен күрөшүүгө болот, аны антиретровирустук терапия менен дарылайт. Анын ичинде ВИЧ болгон кош бойлуу айымдардын балдарын дагы дарылоо болот. Анти ретровирустук терапия ар бир өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстанда да өз жарандары үчүн акысыз жүргүзүлөт.
Сүрөт интернеттен алынды
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан