
Өспүрүмдөр арасында баңгиликтин алдын алуу максатында волейбол оюну өткөрүлдү. Оюн Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде болуп, ага облустук жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү катышты.
Мелдеште кыздардан турган төрт команда оюн көргөзүштү. Жыйынтыгында алдыңкы орунду Бейшеналиев, 2-орунду Карасартов атындагы орто мектебинин кыздары командасы камсыз кылышты.
Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан грамоталар жана белектер ыйгарылды.
Даярдаган: А. Айылчиева