Сопиев орто мектебинде жылына болуучу жазгы спорттук Манасиядага даярдыктар жүрүп жатат. Былтыр мектептин спортсмендери аймактан 2-орун болсо, быйыл 1-орунга жетишебиз деген үмүттө.
Аталган мектептин дене тарбия мугалими Эркинбек Кочорбаев, жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, тогуз коргоол, ордо оюндарына жогорку деңгээлде даярданганга аракет кылабыз дейт.
Окуучулардын жазгы спорттук оюндарда ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу ал мындай дейт.
“Администрациядан, айыл өкмөттөн, спорт комитетинен керектүү инвентарларды алып берсе”, — деди Кочорбаев.
Ал ошондой эле учурда кыздардын волейбол командасы азыртадан даярдана баштаганын айтты.
“Мурда бир, эки күн даярдачубуз. Азыр үч күн — дүйшөмбу, шейшемби жана жума күндөрү даярдануудабыз”, — деп кошумчалады ал.
Айдай Амантурова волейбол боюнча кыздардын топ башчысы. Ал команданын деңгээли негизинен орто деп баалады. Муну ал жаңы катышып жаткандардын саны көп экендиги менен түшүндүрдү.
“Биз үчүн командалар менен ойноо оор эмес. Себеби биз мурдатан бери ойноп жүргөнбүз. Аймактык олимпиадалык оюндар өтүп жүргөн кезде 1-орундарды алып жүргөнбүз. Бирок чындыгында Тогузбай командасы күчтүүрөөк. Буга чейин биз аймактык жарыштарда, райондордо, облустарда ойноп келгенбиз”, — деп айтып берди Амантурова.
Команданын оюнчусу Бегимжан Албанбай кызы буга чейин аймактык жана райондук мелдештерге катышып келген.
“Мен волейбол камандасына катышып жатканыма эки жыл болду. Биз агайыбыздын көзөмөлүндө тренировка кылабыз. Шартыбыз бар, кудайга шүгүр, спорт залыбыз бар, топтор жетиштүү”, — деп токтолду азыркы даярдыктары туурасында Бегимжан.
Асан Сопиев мектебинин деректору Алик Мамытов жазгы Манасияда оюндарында окуучулар ийгилкке жетет деп ишенет.
“Бизде шартар бар. Спорт залыбыз бар, спорт аянтчабыз, окуучуларыбыз да жетиштүү. Андыктан биздин мектеп жазгы спорттук Манасиядада ийгиликтерге жетишебиз”, – деп өз оюн билдирди мектеп директору.
Даярдагандар: Байэл Токтомушов, Чынтурсун Турдуматов, Айжаркын Асипбек кызы.
Сынак үчүн