Баетов айылынын айрым көчөлөрүндө жашоочулар пайдалануучу таза суу түтүктөрүнүн жанында кудуктар ачык бойдон калууда. Бул көрүнүш жашоочуларды тынчсыздандырып келет. “Кыш келди. Тайгаланып түшүп кетеби деп кичирек балдарыбызды сууга жибергенден коркуп жатабыз ” дейт айыл тургуну Кайыргүл Абдыкадырова.
Кудуктардын ачык турганына көп жыл болду. Зыяны тиет да. Кудугун ачык болсо бала-чака түшуп кетет деп коркобуз.
Бул боюнча тиешелүү адамдарга кайрылып көрдүңүздөрбү?
Кайрылып жатышат. Азыр айланасын шыбап даярдап коюшуптур эми жабат го. Азыр кыш келди эми тегерек чети тоңсо тайгалынып түшөт да. Жаппайт. Жапса эчак эле жапмак да. Мен көргөндөн биз жактагы колонка ачык эле турат.
Бул маселе боюнча “Таза суу” миниципиалдык ишканасынын жетекчиси Мамбетов Сьездбек “кудуктардын капкагын уурдап кетип жатат. Ким экенин билбей жатабыз”, — дейт.
Эскилиги жеткенине байланыштуу жарыктар көп болуп жатат. Улам бирин жасап жатабыз. Мына экөө калды. Иштер кол күчү менен жасалып жатат. Стандарт жабылган жок. Бул кудуктарды бекемдеп жаба албай жатабыз. Уурдап жатат. Түндө ичине түшүп сындырып уурдап кетишиптир. Суу чыгып жатат. Бул көйгөй менен айыл өкмөтү жана акимге кайрылып жатабыз, жардам берип жатышат.
Ал эми Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абышбаев Руслан “ Буга чейин иштен чыгып жарылган жерлерди кар жаап суук түшүп калганына карабастан жамоо иштерин жүргүзуп жатабыз дейт.
Айрым чоң көчөлөрдөгү кудуктарды жабуу иштерин дайыма жүргүзүп келатабыз. Атайын жабуучу өзүнүн ооздору болбосо дагы цемент жана темирлер менен жаап жатабыз. Бирок тилекке каршы уурдап да кетип жатышат. Ошондуктан бардыгын көзөмөлдөй албай жатабыз. Бул боюнча Райондук ички иштер бөлүмүнө участковой менен бирге иштөө үчүн кагаз жөнөткөнбүз.
Бирөө жарым ачык кудуктан зыян тартса ким жооп берет?
Бироо жарым зыян тартса “Таза суу” муниципиаллык ишканасынын директору С.Мамбетович жооп берет жана айыл өкмөтү да жоопкерчиликти алабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып кетет элем. Баетов айыл аймагынын жашоочулары жабык турган кудуктардын ооздорун уурдабай, уурдагандарды көрүп калгандар болсо бизге көмөктөшүүңүздөрдү сурайбыз.
Ар бирибиз айлыбыздын ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошолу.
Берүүнү даярдагандар: Барчын Мамытбекова, Калида Кубанычбекова.