![20151115_175157[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/11/20151115_1751571.jpg)
Баетов айылынын тургуну Света эже бир канча жылдан бери үйүндө лимон, мандарин жана болгар калемпирин өстүрүп, түшүмүн алып келет.
Түшүмүн сатпайт. Өз үй-бүлөсү үчүн гана пайдаланат. Кыш келгенине карабай мандарин жана калемпир мөмө берип жатса, гүлдөп жаткан лимону быйыл көбүрөк байлайт деп ишенип жаткан учуру.
![20151115_180400[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/11/20151115_1804001.jpg)
Ал эми гүлдүн 100гө жакын түрү бар.
![20151115_174917[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/11/20151115_1749171.jpg)
Арасында адатта жайында сыртта өсчү Астра өңдүү гүлдөрдү карапаларга көчүрүп койгон.
Эженин айтымында гүлдү баладай карап, убагында суу куюп, дарылап туруу керек. Ден соолукка пайдалуу гулдөрү абдан көп. Өстүрүү боюнча кеңеш сурап келгендерге жок дебейт.
Даярдаган: Б. Мамытбекова
Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Уруксатсыз кочуруп басууга тыюу салынат.