Бүгүн 17.11.2015-жылы Сүлүктү шаарана атайын журналисттик иликтөө жүргүзүп, Эл аралык деңгээлдеги журналисттер: Рамиз Мешедигасанлы мырза менен Хокума Халилова келди.
Алар Эл үчүн камкор инсандардын жасаган иштерин изилдеп, үлгүүлүү жактарын жайылтуу максатында келип, Шаардык кеңештин депутаты, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевич менен жолугушуп маек курду.
«Сүлүктү-Лейлек эли касиеттүү Эл экен. Өз учурунда Исхак Раззаков чыккан болсо, бүгүн Исманали Джумабаевич Карабаевдей Эл үчүн күйгөн инсаныңар аранарда бар экен, ушундай азамат инсандар тарбиялаган элиңерге ыракмат, алтындай убактысын бөлгөнү үчүн Исманали мырзага ыракмат»- дейт өз сөзүндө «Golden Bridge» ( «Алтын Көпүрө» автор) журналынын башкы редактору Рамиз Мешедигасанлы.
Жолугушууда кандай маанилүү кеп болду кийинки макалаларда кеңири маалымдайбыз.
Биз менен бирге болуңуздар, атайын Кошбулак мультимедиялык борбору үчүн, борбордун башчысы Б. Сапаркулов