Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Алина Керимжанова өзүнүн ийилчээктиги менен көптөгөн адамдарды таң калтырды.
Ал эл алдында ар түрдүү көнүгүүлөрдү аткарып берди. Алина бул өнөрдү байкесинен үйрөнгөнүн айтат.
«Ооба, мен сен айткандай эле ийилчээк кызмын. Мени байкем кичинекей кезимен эле ийилчээктикке үйрөткөн. Кичинекей чагымда бий ийримине катышчумун, бирок катышпай калганыма көп болду. Мен ушундай ийгиликке жетишкенден кийин, өзүм дагы жаш таланттарга чыккым келип, конкурстарга катышкым келип калды. Келечекте дагы өз өнөрүмдү улап кетким келет», — дейт Алина.
Бейшеналиев мектебинин дене тарбия мугалими Таалай Жыргалбеков ийилчээктиктин ден-соолукка кандай пайдасы бар экендигин тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
«Ийилчээктик — бул гимнастика көнүгүүлөрүнүн бир түрү. Өзүн жеңил алып жүрүү жана шамдагайлык. Эртең менен спорт менен машыгып, дене сымбатыңарды сактагыла деп айтат элем», — дейт Жыргалбеков.
Алинанын классташы Айдай Кадырбекова курбусунун ар тараптуу окуучу экендигин баса белгиледи.
«Алина менин классташым гана эмес менин жакын курбум. Алина абдан тырышчаак жана ийилчээк кыз. Ал окуусу менен өнөрүн бирдей алып кетет. Биз Алина менен сыймыктанабыз жана мактанабыз», — деп айтып берди Алинанын курбусу Айдай.
Даярдаган: Элиза Жыргалбекова
Сынак үчүн