Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Ак-Талаа боюнча бир айлык жарыяланган. Ошонун негизинде Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде волейбол жана башка спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин катышуучулары Ак-Талаа районунун мекеме кызматкерлери.
Ак-Талаа районунун Балдар билим берүү борборунун жетекчиси Венера Молдакунова волейбол оюнунун буга чейин ойноп жүргөнүн айтат.
«Волейболго деле кызыкпайм, бирок коллектив менен келип ойноп жатам», — деди Молдакунова.
Мелдештин уюштуруучусу Мирбек Чырмаев спорт оюндардын байгеси акчалай сыйлык болоорун айтты.
«Билим берүү кесиптик уюм комитети менен уюштуруп жатабыз. Байгелерин акчалай сыйлык түрүндө билим берүү кесип коюп атат», — деп айтты ал.
Даярдаган: Айпери Мирлан кызы
Сынак үчүн