
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Адинай Ажиева учурда атайын билим алып келип, айылдагы төрт чач тарачканалардын биринде чакан ишин жүргүзүүдө.
Адинайга барып интервью алганыбызда иши жакшы жүрүп, бул тармакта иштеп жатканына сүйүнүп жатканын билдирди.
“Мен бул тармакта иштеп жатканыма кубанычтамын. Кичине кезде врач болгум келчү. Ата-апам ооруса дарыласам, деп кыялданар элем. Бирок өкүнбөйм. Күнүнө 700-800, кээ бир учурларда 1000 сомго чейин табам. Чач кыркам, чач жасалгалайм, тырмак жасайм, кирпик чаптайм. Азыр жакшы көп кардар топтодум”, — дейт жаш ишкер Адинай.
Анын иш тажрыйбалары тууралу кардарлардан сураганыбызда көбүнчөсү жакшы ойдо экенин билдиришти. Мектеп мугалими Чолпон Нусупова Адинайдын адамга кылган мамилеси жакшы дейт.
“Мен Адинайга чачымды кырктырдым. Башкалардан айырмаланып адамга кылган мамилеси жакшы экен. Жакшы өздөштүргөн”, — деп билдирди Нусупова.
Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу Албина Мадиева биринчи жолу Адинайга келип чачын кырктырып жатат.
“Башка чач тарачтарга караганда жакшы кыркат экен. Биринчи эле жолу кырктырып жатсам да жакты, жаш болсо да жакшы өздөштүргөн”, — деген ойдо Албина.
Баетов айылында жалпы төрт чач тарачкана иштейт. Алардын бири Адинайдын келип, иштей баштаганына бир айдын жүзү болду.
Даярдаган: Асел Калыйнур кызы, Асель Жакыпова