Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Педагогикалык Колледждин базасында Кошбулак жамааттык мультимедиялык борборунун волонтерлору үчүн уникалдуу тренинг өтүп жатат. Уникалдуулугу тренингди Кыргыз Республикасына аттын кашкасындай таанымал журналист Сабыр Абдумомунов өткөрүп жатат.
2 күндүк тренинг Кыргыз Республикасынын Жамааттык Массалык маалымат каражаттарынын Ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Максаты Пед Колледжден, Гимназиядан жана башка окуу жайларынан журналистикага кызыккан жаш волонторлордун билим деңгээлин жогорулатуу.
«Эки күндөн бери тренинг өтө кызыктуу жана уникалдуу өтүп жатат. Мага Тренердин өтө тажрыйбалуулугу жана жөнөкөйлүгү жакты»- дейт тренингдин катышуучусу, Шаардык Башкы Санитардык врач Мусуратилла Исканов.
Кабарчы: Б. Сапаркулов
darmowe gry online hazardowe