Жал айылындагы Р.Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде гимназисттердин майрамы откорулду. Иш чара 8-11- класстар арасында мектептин чон залында болуп отту.
Мектеп администрациясы окуучуларды топторго бөлүп алгебра, англис тили, биология, физика сабактарынан суроолорду берип, балдардын билим деңгээлин текшеришти.
Майрам окуучулардын ырлары менен уланды, топторго бөлүнгөн гимназисттер өздөрүнүн тобунун аттарын, эмблемаларын, ураандарын коргошту.
Ырыскелди Доолотбекович тарбия завучу 19- октябрь майрамы мектепте салттуу түрдө өткөрүлүп келээрин айтат.
«Окуучуларды окууга кызыктырыш үчүн, мотивациялаш үчүн, конкурстар өткөрүлдү. Гимназия жөнүндө малыматтарды окуучуларга айтып бердик, балдардын суроолоруна жооп бергенге аракет кылдык. Негизинен иш чара абдан жакшы өттү», — деп баяндады ал.
Аталган мектептин окуучусу Рысбеков Баяман иш-чара боюнча төмөнкүчө токтолду.
«Мен гимназист болгонума абдан сыймыктанам. Бүгүнкү майрамды уюштурган мугалимдерге рахмат. Абдан кызыктуу болду, өзгөчө суроолорду берип жатканда мага жакты», — деди ал.
19-октябрь 1811-жылы «Царскосельский» атындагы гимназия лецейи ачылган, ошондон бери 19-октябрь гимназисттердин күнү болуп белгиленип келе жатат.
Дярдаган: Азамат Кубанычбек уулу