Айыл жашоочулары киреше булактарын өздөрү аныктап чарбанын бир түрүнө ыкташат. Алардын бири Баткен облусунун тургуну бийик тоолуу райондордун биринде жашаган Искендер Саматов. Ал жер аянтына алма көчөттөрүн отургузуп андан киреше алат. Багбан бүгүн көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, багбанчылыктын сырларын айтып берет.
Искендер Саматовдун алма багы деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте. Тоо койнунда жайгашкан. Көп жылдык изденүү, практика жүзүндө колдонуп көрүүнүн негизинде азыр ал багбанчылыктын бир топ сырын өздөштүрүп калган. Эгер өндүргөн товар сапаттуу болсо ага суроо талап дагы жогору болуп алууну каалаган ортомчулар үйгө келип алып кетерин билдирет:
“Мурда биз жерлерибизге картошка, сабиз, буудай айдачубуз жылдан жылга алар рентабилдүүлүгүн жоготуп баштагандыктан багбанчылыкка өттүк. 2019-жылы Түркиядан буйрутма берип орто бойлуу алма көчөттөрүн тиккенбиз. Учурда кудайга шүгур жакшы түшүмүн берип жатат.”
“Көчөт тигүүдөн мурда биринчи жерди даярдап алуу керек. Алгач жерди узун туурасынан жакшы кылып айдап, жерди жумшартуу зарыл. Андан соң көчөттү туура тандоо маанилүү. Жакшы түшүм берет. Эл аралык талаптарга жооп берген сорттордун көчөттөрдү тиксек жакшы натыйжа берет.»
“Жакшы көчөттү тигип гана койбостон ага туура кам көрүү керек. Жерди азыктандырып, топурактын анализин чыгарып алмага керектүү азык заттар барбы текшерүү керек. Атайын лабараториядан топуракты изилдеген соң кандай азыктар жок болсо сунушташат ошого жараша азыктандыруу зарыл.”
“Көчөттү туура буташыбыз керек. Биринчи жылдан баштап эле кам көрүү зарыл. Анын ылдыйкы 50-60 см ылдый жагында эч кандай бутак болбошу керек аларды тазалап туруу талапка ылайык. Көчөт аянтында отоо чөптөрү болбош керек. Биз аны трактор менен айдатып бакты таза кармайбыз. Чөптөрдүн тамыры көчөттөн азыкты талашат, курт кумурска ар кандай оорулар чөптө байырлап алмага өтүшү мүмкүн. Ошондуиан бак ичин таза кармоо сунушталат.»
“Тамчылатып суугаруу пайдалуу экен. Биринчиден суу текке кетпейт. Анан баары тегиз 1-көчөт менен акыркы көчөткө чейин бирдей суу ичет. Кошумча азыктарды дагы бул система аркылуу берсек болот. Тамчы суугат системасын киргизүү үчүн электр-энергиясын тартып келгенбиз. Муну бизге атайын бир фирма келип жасап берди 1гектарын үч жарым миң доллардан.”
Манас Саматов: көчөттөрдү жол жээктеринен, базардан сатып алганга болбойт
Табигый азык жасап ишкерлик кылган жаш үй-бүлө
Бал челекчи: Аарынын бал бергенден башка көптөгөн пайдалары бар
Айгерим Кубатбекова