Сумбула айыл округунун Андарак айылындагы «Байчечекей» балдар бакчасында тартип өзгөчө. Анткени балдар бакчасында эки улуттун балдары тарбия алат.
Балдар эки башка улутпуз деп бөлүнүп кетпес үчүн бакчанын тарбиячылары тартипти катту кармап, балдарды достука тартат. Бул бала-бакчада кыргыз, тажик улутундагы кичинекей бөбөктөр тарбия алып окуйт.
Бакчанын шарты жакшы, тарбиячылары жакшы, анан акчасы да жакшы. Бул бакчага кошуна айылдагылар да балдарын алып келип турат. Көбүнчөсү өкмөт башчы балдарга майрам уюуштуруп балмуздактарды таратып берип турат. Анан балдар үчүн ар кандай концерт, цирктер келип турат.
Бала бакчада кыргызча, кошумча орусча сабак өтөт. Эң кызыгы ушунун пайдасы тажик улутундагы бөбөктөр кыргызча «Манас» айткандыгында. Бул бөбөктөр чоңойгондо кыргыздын керегине жараган балдар болот. Бул тарбия биринчи үйдөн башталат.
Бала бакчада балдар 2 тайпага бөлүнөт: чоң тайпа жана кичине тайпа. Кичине тайпадагы балдар эми гана чоңойгонуна карабастан «Манас», ырларды айтып үйрөнүп турат. Ал эми чоң тайпадагы бөбөктөр мектепке болгон даярдыгы жеткиликтүү.
Бул балдар ар кандай айылдагы концерттерде, оюн-зооктордо кызыктуу өздөрүнүн таланттарын тартуулашат. Мисалы: бул балдар нооруз майрамында, апалар майрамында жана башка майрамдарда өздөрүнүн кара-жорго бийин жана ырларын көп тартуулашат.
Ал эми ушул тарбияны башаттары заведуюший Каразакова Уулман Абдинаимовна жана ал жетектеген бакча жамааты. Бала бакчада тамак жактан жакшы, анткени бул жердин ашкана кожойкеси Хабиба эже таттуу токочторду, кашаларды, пирогдорду жана башка көптөгөн мыкты тамак-аштарды убагында даярдап берет.
Эми бул бала-бакчадан тарбия алып чыккан жаш жеткинчектерден, буюрса чыгаан-чыгаан мыкты инсандардан болуп чыгат. Кай жерде болбосун Кыргызстан үчүн кызмат кылат деген үмүтүбүз чоң.
Балдар-биздин келечегибиз!
Даярдаган: Амантур Ганиев
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»