Дадаханова Машхура «Машхура» тигүү цехин эки жылдан бери жетектеп келет.
«Цехтин ачылганына эки жыл болду, ушул эки жыл ичинде көптөгөн иштерди жасаганга жетиштик. Жаш кыз-келиндерди тигүүгө үйрөтүп, көптөгөн шакирттерди чыгардык. Жаш кыздар тигүүнүн сырларын мыкты үйрөнүп, турмушка чыкканда кыйналышпайт”, деп билдирди Дадаханова.
Айыл тургундарынын билдирүүсүнө караганда кыз-келиндер чеберчиликти үйрөнүп, көйнөктөрдү тигип, арзандатылган баада айыл тургундарына сатышат.Кыз-келиндер чеберчиликти мыкты деңгээлде үйрөнгөн соң, турмушка чыга турган кыздардын көйнөктөрүн да келишилген баада тигип беришет.Нафиса Махмудова аталган цехте тигүүчүлүк менен эмгектенип келүүдө.
“Тигүү цехибиздин айылга пайдасы өтө чоң десем жаңылышпаймын. Анткени бул жерде айылдагы көпчүлүк кыздар жана келиндерге ылайыктуу ар кандай көйнөктөр тигилет”, — деп бөлүштү Махмудова.Цехти ачуу менен он аялды иш менен камсыз кылып, жумушсуздукту жоюу боюнча аз болсо да өз салымыбызды кошуп жатабыз, дейт Дадаханова.Даярдаган: Сабыр уулу Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка