Лейлек районунун Андарак айылында чөп жыйноо иштери башталды. Азыр тракторлордун иштөө сезону. Бүгүнкү маегибиз ошол тракторлор кандай иштеп жатат, быйыл чөп канчалык өскөн ошол жөнүндө болмокчу.
Былтыркы жылы көпчүлүк адамдар чөп жактан тартыш болуп, кыштан мал-коюн араң алып чыккан. Ал эми быйыл тоюут былтыркыга салыштырмалуу жакшы. Анткени быйыл жаан-чачын көп болду. Адамдар былтыр 40-45 пресс алса, быйыл 100 пресстен алып жатат. Бул деген чооң кубаныч. Быйыл мал-кой кыйналбайт. Анткени чөп жакшы болду дейт айыл тургундары.
Бүгүнкү күндө ушул жерде эмгектенип иштеп жаткан трактористтердин бири Жалилов Нуридин. Нуридин байке өзү айылга ушул тракторлору менен кызмат кылып иштеп келет. Нуридин байкенин иштеп келе жатканына 10 жылдан ашкан. Анын үч трактору бар.
Кошумчалап кетчү нерсе, эмки кезек август-сентябрь айларында буудайда дейт дыйкандар.
Даярдаган: Амантур Ганиев
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»