Лейлек районунун Сумбула айыл округунун Андарак айылында 14-июнь күнү №12-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында Бишкектен келген дарыгерлер элдин сак-саламаттыгын текшерип кетти.
Ал жерде айылдын көпчүлүк тургундары текшерүүдөн өттү. Келген дарыгерлерлерге айыл тургундары ыраазычылык билдиришип, айыл аксакалдары батасын берип жөнөтүштү. Борбордон келген дарыгерлер элдин ар кандай ооруларын текшеришти.
Андаракка келген кербенде стоматолог, терапевт, кардиолог, окулист, лор, травматолог, онколог, УЗИ кызматкери, невропатолог жана жаш балдардын дарыгерлери өз кызматын көрсөттү. Бул эмдөө жана текшерилүү акысыз болгондуктан эл ыраазы болду.
Эл көп болгондуктан жергиликтүү медайымдар да жардам беришти. Андарактагы №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Назар Жороев төмөнкүлөргө токтолду.
“Бишкектен келген адистер Андарак айылында биз дарыгерлерге кол кабыш иретинде элдин ден-соолугун текшерип берели деди. Элдин ден-соолугун карап, өз кеп-кеңешин айтышты. Көбү кан басымы жогорулар, нерв оорулары, онкологиялык оорулар, көз оорусуна чалдыккандар экен”, — деп билдирди Жороев.
Дарыгерлердин айтымында, алар республика боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Максаты — элдин ден-соолугун чыңдоого салым кошуу.
Айыл тургуну Замирбек Тургунбай уулу өзүнүн ден-соолугун “Ден-соолук кербенинин” дарыгерлерине көрсөткөнү туурасында мындай дейт.
“Мен Бишкектен атайын дарыгерлер келип текшергенде үч жыл мурда сынган сол бутумду көрсөтүм. Анда мага дарыларды жазып берди. Жакшы мамиле жасады. Мен Исфанага барганда ар алты ай сайын өзүмдү көргөзүп турам”, — дейт Тургунбай уулу.
Даярдаган: Камбар Асан уулу