Айтурган Дозоева орус тил жана адабияттан областтык олимпиадада үчүнчү орунду ээледи. Ал азыр Островский атындагы №1 орто мектебинде 10-класста окуйт. “Мен бир жыл бою даярдандым. Бул менин биринчи олимпиадага катышуум”— дейт Айтурган.
Айтурган үчүн даярдана баштаганда алгачкы эки жума кыйын болгон, себеби эмнеден баштаганды билбеген. Бирок ал үчүн даярдануу татаал болгон эмес,анткени коп темаларды сабактарда өткөн. “Адабият терминдери, фразеологиялар, чыгармаларды анализдөө мен үчүн кыйынчылыкты түздү”-деп кошумчалайт Айтурган.
Олимпиада эки турда жүргүзүлдү. Биринчи турда бир адабият чыгарманы окуп аны аналисдөө, кошумча суроолорго жооп берүү керек эле. Экинчи турда олимпиаданын катышучулары жазуу түрүндө жооп беришти.
Олимпиадага аябай көөп окуучулар катышкан. Бардыгы мыкты даярданган, жакшы окуган, ошундуктан алар аябай толкунданышып эмоцияларын беките албай, ыйлаган учурлар да болду. “Ушул толкундануу мүнөттөр дайыма менин эсимден чыкпайт”— деп эстейт Айтурган.
Бардык суроолорго Айтурган жакшы жооп берди. Экинчи күнүү кеченде олимпиаданын жыйынтыктары жарыяланды. Областтык олимпиаданын жыйынтагы боюнча орус тили жана адабияты сабагынан Айтурган биринчи үч женичүүнүн катарына кирди. “Менин кубанычым чексиз. Бардыгы мени жана менин мугалимимди куттукташып сүйүнүштү. Менин азыркы йгилигим үчүн мугалимдериме Есенова Т.Н., Нурманбетова Г.Шамшиевнага чын дилимден ыраазылыгымды билдирем”— деп кубануу менен айтат Айтурган.
Авторлору: Валентина Стремцова