Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айыл аймагынын аянты 336,13 кв. км түзөт. Райондун борборуна чейинки аралык 0,0 км, облустун борборуна чейинки аралык 40,0 км, жакынкы темир жол байланышына чейин 90,0 км түзөт. Деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте турат.
Бакай-Ата айыл аймагынын калкынын саны 8547 адам, жалпысынан 1684 түтүн жайшайт. Бакай-Ата айыл аймагы эки айылдан турат, Бакай-Ата жана Наматбек. Айыл аймагынын борбордук айылы Бакай-Ата.
Көп жылдан бери айыл тургундары үчүн эң негизги маселе болуп, таза-суу жетишпегендиги болуп келет. Борбордук көчөлөрдө суу-түтүкчөлөрү орнотулган, бирок айыл ичиндеги кичине көчөлөрдө суу алуучу кудуктар жок.
Ал эми борбор тараптагы көчөлөрдө суу крандардан чыгып, жабылбай, көзөмөлдөгөн эч ким жок. Үйлөрдүн жанында жайгашкан ичүүчү суулардан, шланг аркылуу огороддорду да сугаргандардын саны аз эмес.
Бакай-Ата айылынын чекесинде таштандылар тазаланбай, жергиликтүү тургундарга зыян алып келээрин айыл тургундары айтып жатат. Кээ бир айыл тургундары каптарга таштандыларды чогултуп, көчөлөргө чыгарып коюшса, кээ бирлери айыл ичиндеги чуңкур жерлерди свалкага айлантып салышкан.
Мындан тышкары, чоң жолдор асфальтталып, кичине жолдор абалы жаман бойдон кала берген. Айыл ичиндеги жарыктандыруу дагы канаатандырарлык эмес.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова
Мыкты сүрөт сынагы үчүн