Кара-Суу айылынын тургуну, райондук деңгээлдеги футбол жана волейбол оюну боюнча мыкты чабуулчу Азат Миңбаев Назарбековичтин жаркын элесине арналган классташтарынын демилгесинде 14-июнь туулган күнүнө карата волейбол оюну өткөрүлдү.
Оюнга Минбаев Азаттын бир туугандары демөөрчүлүк көрсөттү. Эскерүү аземине раймамадминистрация башчысы аким Айбек Кожошов, орун басары Гулжамал Султангазиева, Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Амангелди Токтоналиев жана бир туугандары, достору тарабынан эскерилип, куран окулду.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова