Мектептин артында 1,5 гектар жерде 50 жыл мурда ар кандай сорттогу алма көчөттөрү отургузулган. Ал бүгүнкү күндө түшүм берүүдө.
Жыл сайын окуучулар күзүндө алмаларды жыйноого жардам беришет.
«Натыйжаада алмалардан түшкөн каражаттардын эсебинен мектепке окууга керектүү принтер, чаң соргуч, килем жана башкаларды алабыз»,- дейт мектептин жетекчиси Курманбек Мамбеталиев.
“Бүгүн балдардын күчү менен үч сааттык ишембилик өткөрдүк. Ага 8-10 класска чейинки окуучулар катышты.Чогулган эки тоннага жакын алмаларды муздак бөлмөлөргө жыйып койдук. Өтүп кетсе мектепке керектүү нерселерди алабыз.”
Бизге алма терүү абдан жагат, дейт 9-г классынын окуучусу Марс кызы Асель.
«Мага мектептин алма багы жазында гүлдөп, күзүндө түшүм бергени менен жагат. Биз алма терип жатканда көнүлдүү, бири-бирибиз менен тамашалашып теребиз», — деп кошумчалады ал.
Даярдаган: Бакай Сапаралиев