Бишкек шаарында өлкөнүн төрт аймагындагы жамааттык мультимедиа борборлорунун өкүлдөрүнө эки күндүк тренинг уюшулду. Анын жүрүшүндө мультимедиа борборлору үчүн техникалык жабдыктар тапшырылып, аларды кантип колдонуу окутуп үйрөтүлдү.
Гүлкайыр Осмоналиева Барскоон айылындагы “Карек” коомдук уюумунун жетекчиси. Ал айылдагы жамааттык мультимедиа борборуна берилчү техникалык жабдууну алуу жана окуп үйрөнүү үчүн Бишкек шаарындагы Клооп медиа коомдук фондунун кеңсесине келди.
Барскоон айылына “Барскоон FM” жамааттык радиосун ачышып, Медиа Клооп коомдук фондунун жардамы менен заманбап жабдуулар менен камсыз болуп, ошол эле мекемеден тажрыйба алып окуп үйрөнүүдө.
“Мен бул жерден аудио-видео запистерди, ар кандай жаңылык жана кулактандырууларды сайттарга жайгаштырганды үйрөндүм. Бизге берилген техникалык жабдыктар менен айылда ишибизди улантып кетүүгө үмүтүм чоң”, — деп билдирди Осмоналиева.
Талас шаарындагы “Радио мост” үналгысынын техникалык кызматкери Самат Арабеков жаңы түптөлүп жаткан төрт жамааттык мультимедиа борборлоруна жалпысынан сегиз миң АКШ доллары жумшалгандыгын айтты.
“Медиа Мост уюму Кемин FM радиосуна көмөк көрсөткөнбүз. Каракол шаарында радио ачканбыз. Андан сырткары Жалалабат жана Баткен облустарында радиолордун түптөлүшүнө жардам бергенбиз. Азыр жаңы ачылып жаткан жамааттык радиолорго болжол менен сегиз миң АКШ доллары кетти”, — деп бөлүштү Арабеков.
Клооп медиа коомдук фондунун кыргыз кызматынын редактору Элмурат Аширалиев жамааттык радиолордуна айыл жеринде ачылышы тууралуутөмөнкүлөргө токтолду.
“Башкы максатыбыз – жаңы ачылып жаткан жамаааттык мультимедиа борборлорунун өкүлдөрүн жаңы техникаларда кантип колдонууну окутуп-үйрөтүү. […] Буга чейинки тажрыйбага токтолсом, биздин журналистика мектебибизден окуп кеткен элеттик жаш кабарчылар өздөрүндөгү өзгөрүү, өнүгүү, аң сезиминин өсүшү – башкы жетишкендиктерибизден бири деп эсептейм. Андан сырткары, алар айылдарындагы ар кандай маселелердин чечилишине өбөлгө түзүштү”, — деген ою менен бөлүштү ал.
Даярдаган: Альбина Курманбекова