Бердиш бабабыздын 5 уул 5 кызы болгон, балдарынын улуусу Турумбек 32 жашында каза болуп калат. Аталардын айтымында, Турумбек ата балбан киши болгон экен.
Экинчи уулу Байтана зергер адам болуп, Николайдын бир рублдик күмүш теңгесинен үзбөй, алты канат боз үйдүн бел курчоосуна созгон экен. Үчүнчү уулу Өмүралы дагы колунан көөрү төгүлгөн уста болот, бирок агасы Байтанадан алдыга оозуп бара жатканда инисине кыр көрсөтүп коёт. Ошондон кийин Өмүралы агасы Байтананын устаканасына кирген эмес. Өмүралынын устаканага кирбей калышы илгеркилердин улууга урмат, кичүүгө ызат кылгандыгынан. Өмүралы устачылыктан сырткары «шайламыш» (жергиликтүү кеңештин депутатты) болуп эл атынан шайланып келген. Колунда атайын мөөр сакталып турган.
Төртүнчү уулу Нусубалы бир туугандарынын ичинен дыйканчылыкка жакын чыгып, бир туугандарынын малын жана жер тирилигин карап, көзөмөлдөп турган. Николай падышанын маалында дыйканчылыкты мыкты өздөштүргөндүгү үчүн 20 батман жерди белекке күбөлөндүрүлгөн документи менен кошо алат.
Бердиштин эң кенже уулу Калмырза мергенчиликке жакын болуп чыгат. Бердиш уулу Калмырза мерген 1875-жылы жарык дүйнөгө келген. Жогоруда айтылгандай Калмырза мерген ачарчылык убагында аӊчылык кылып, айыл элин багып келген, кийин согуш маалында мамлекетке мергенчилик кылып, эт даярдап, төгүп турган.
Ал эми Калмырза мерген көлөмдүү, алп адам болгондуктан, кээде ойлонбостон эле оор жүктөрдү көтөрүп койчу экен. Ушундай көрүнүштөрдүн бири — Калмырза мерген күчкө толуп турган маалда, ошол учурдагы эл жалпак тамдарга жашашып, тамдын үстүнө очоктон чыккан күлдөрдү тамдын төбөсүн суудан коргоо үчүн төгүшкөн.
Ошол күндөрдө төрт бир тууган жашаган жалпак тамдын үстүнө очоктон чыккан күл төгүлө берип, күлдүн бийиктиги 1,5 метрге жакын болуп, күлдүн оордугунан үйдүн ортосунда тамдын төбөсүн тиреген када сынганы калат.
Ошондо агасы Байтана: када сынып, бала-чаканы басып калбасын деп каданы алмаштырууну айтканда, Калмырза мерген ийини менен тамдын төбөсүн када ордуна када болуп, жаӊы устунга алмаштырганча көтөрүп турган. Ошондо тамдын төбөсүнүн оордугунан Калмырза мергендин акыреги сынгандыгына карабай чыдап көтөрүп тура берген экен.
Албетте, жогорудага окуяда Калмырза мергендин күчтүүлүгү эле эмес, чыдамкайлыгы жана намыскөй адам экендиги көрсөтүлөт. Мергенчилик жөнүндө кеп козгой турган болсок, «жети уруунун» мыктыларынын бири (кайсыл мыктысы экени так далилденбей калган) Калмырза мергенден тирүү карышкыр кармап келип берүүсүн өтүнөт.
Ошондо Калмырза мерген тирүү дөбөт карышкырды кармап, оозун кемечтеп байлап өтүнгөн адамдын алдына алып барган. Ошондо буйрутма кылган мыктынын жигиттеринин бир да карышкырга жакындай албай койгон экен. Ал эми кийин 80 жашты чамалап карып калган маалда, 4 пуддук эки кап унду Водноедеги (Миӊ- Булак) Шербет деген немис улутундагы адамдын ак тегирменинен эшегине артып Чалдыбарды көздөй келе жатып, «Төрткүл» чебинин жанынан агып өткөн кара суунун жээгиндеги кара баткака эшеги төрт буту менен баткака тыгылып, чыга албай калат.
Ошондо Калмырза мерген эшегин эки кабы менен чогуу көтөрүп, баткактан жээке чыгарып койгон дешет. Кийин жашы өтүп калган маалда устачылык менен алектенип, элдин керектүү буюм тайымдарын жасап, зергерчилик да кылган. Калмырза мерген 1958-жылы 83 жашында каза болгон экен. Замандаштарынын айткандары боюнча Калмырза мерген кайберенден каргыш алгандыктан эч бир баласы токтобой, мергенден туяк калган эмес.
Маалымат небереси Нусубалиев Дүйшөнбектин баяндамасы боюнча жазылды.
Жантаева Жайнагүл
Сынак үчүн
Үсөн С.