Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрь күнү бүткүл республика боюнча жергиликтүү кеӊештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Ага карата аймактык жана айылдык участкалык комиссия мүчөлөрү райондук мамлекеттик каттоо бөлүмү менен биргеликте шайлоочулардын тизмелерин кайрадан такташууда.

Бакай-Ата районунун аймагында 23 шайлоо участкасы түзүлгөн жана 253 мүчө кызматка тартылат.
Участкалык шайлоо комиссиялардын курамы адаттагыдай мугалимдерден, мамлекеттик эмес кызматкерлерден, жергиликтүү жамааттардан, дыйкан-фермерлерден куралган.

Шайлоо комиссиясына алгачкы жолу иштегендер атайын окуулардан, көнүгүүдөн өтүп жатышат. Быйыл райондогу тогуз жергиликтүү кеӊештерге жалпысынан 129 депутаттын шайлануусу болжолдонууда. Алдына ала тактоолорго караганда, аларга район боюнча 26 миӊден ашык шайлоочунун добуш берет.
Даярдаган: Жантаева Жайнагүл
Сынак үчүн
Үсөн С.