Жайыл районундагы Кара-Суу айылынын тургундары кышка даярдык көрүп, керектүү нерселерди жасап алыштыбы? Бул тууралуу билип көрүү үчүн айылдыктардан сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Айыл тургуну Уран Мамбеткулов:
— Кышкы даярдыкка биринчи отун-суу камдап койдум. Малга жем, чөп жыйнадык. Кышка ар кандай жашылчалардан, жемиштерден салаттарды жана компотторду жасап койдук.
Назира Дүйшекеева:
— Быйыл кышка даярдык орто. Помидор жакшы болбой калды. Ошондой болсо дагы аракет кылып, кышка салат, сок, приправа жасап алдык. Малга чөп жыйнадык. Эми көмүр алып койсок болду.
Света Капсаламова:
— Биз кышка жакшы даярдандык. Биз талаага жүгөрү, кызылча сепкенбиз. Кызылчаны сатып көмүр алабыз 2-3 тонна. Анан тезек тартып алганбыз. Отун тартып алдык. Бизде кышка даярдык жакшы.
Замирбек Ибраимов:
— Жүгөрү сепкем жакшы болуп талаадан тартып алдык. Кызылча да себип, жаңы каза баштадым. Эми көмүр алсам болду, баары жакшы болот.
Кара-Суу айылынын тургундары кышка карата керектүү нерселерди алышкан. Кыш эрте келгендиктен айылдын тургундары кышка эрте даярдана башташкан.
Даярдагандар: Канышай Алымбекова, Сезим Дүйшекеева.
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн