Бакай-Ата айылындагы маданият үйүндө «Үркүн» тасмасын татууланды. Тасманы басымдуу түрдө окуучулар барып көрүштү.

Бул үркүн тасмасын Ленин мектебинин окуучулары барып көрүштү. Тасманы көрсөтүп жаткан Бекзатбек Бектурганов мунун максаты — жаштарга ата-бабаларыбыз басып өткөн жолду сабак катары көрсөтүү дейт.

«Тасманы учурда Бакай-Атадан баштап жатабыз, андан кийин Кара-Буура, Манас жана Талас районуна көрсөтө баштайбыз», — деди Бектурганов.

Тасманы көргөнү келген Ынтымак Умаров мындай иш-чаралар бат-баттан өтүп турушун каалаганын айтат. «Мындай тасма айына болсо жакшы болмок, негизи бизде бир жылда бир эле жолу болот», — деди ал.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
АСе.