Токтогул районунун Терек-Суу айылындаыг Курама уулу Турусбек мектебинин окуучулары олимпиадага даярданышып жаткан учуру. Окуучулардын айтымында, олимпиаданын шарты жылдагыдан татаалыраак.
Азима Нурбек кызы 10-а классынын окуучусу. Ал орус тили жана орус адабияты сабагынан барарын айтат.

“Жакын арада гана баштадык даярдыкты. Жылдагыдан шарттары бир аз башкача экен. Биринчи алты айыл биздин мектепте күч сынашып жеӊгендери районго барышат. Мурда мындай болчу эмес түз эле районго барчубуз, ошондуктан кызуу даярданып жатабыз. Буга чейин англис тил сабагынан баргам, быйыл башка сабактан барайын деп чечтим. Буйруса даярдыктар жакшы эле. Олимпиадада үч тур болот экен, биринчиси тест, экинчиси жат жазуу, үчүнчүсү болсо суроолорго жооп экен”, — деди ал.
Таалайбек кызы Элмира быйылкы боло турган олимпиада биринчи жолу катышып жатат.
“Мен биология сабагынан барып жатам. Даярдыктар жакшы эле. Мурун негизи окуучулар түз эле Токтогул районуна кетишчү, быйыл болсо жылдагыдан башкачараак. Себеби биринчи алты айыл жарышып анан Токтогулга барышат”, — дейт ал.
Рысбек кызы Гүлиза 8-классынын окуучусу, англис тили сабагынан даярданып жатканын айтты.
”Мен 8-класс болгондуктан мага мурда барганга мүмкүн эмес эле. Биринчи жолу барганга толкунданып жатам. Эжекелер менен иштешип даярдыктар буйруса жакшы эле”, — деди ал.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн