Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинин ашканасында оӊдоо иштери жүргүзүлдү. Бул оӊдоо иштери эл аралык уюмдар тарабынан каржыланды.

Чарба иштеринин жетекчиси Темир Мамбетаев бул оӊдоо иштери эл аралык уюмдар тарабынан каржыланганын айтты.
“Турусбек мектеби 1972-жылы курулгандыктан ашканадагы буюмдардын эскилиги жетип калдандыктан биз заманбап үлгүдѳгү жабдыктарды алып жаӊылоону чечтик. Печкалар, столдор бардыгы теӊ союз учурундагы буюмдар болгон. Айыл ѳкмѳт башчысы Советбек Жээналиев эл аралык уюмдардан колдоо сурап, үч мектептин ашканаларын оӊдоп берип отурат. Кетмен-Дѳбѳ айыл аймагына караштуу Терек-Суу, Чоӊ-Арык жана Ак-Тектир айылдарынын ашканалары оӊдолду. Эл аралык уюмдардын ѳздөрүнүн шарттары бар экен, биз дагы ал шарттарды аткарганга аракет кылып жатабыз. Биринчиден аларга суу киргизип бериш керек экен жана электр энергиясын дагы киргизип бериш керек экен. Бизге акчанын ѳзүн беришкен жок, баардык керектелүүчү буюмдарды ѳздѳрү алып келип, орнотуп беришип, сүрѳткѳ тартып гана кетишет экен. Ремонт толугу менен бүтѳ элек, дагы буюмдарды алып келип беребиз деп жатышат”, — деп айтып берди Мамбетаев.

Кенже Жуманалиева ремонт болгондон кийин жумушунун жеңилдегенин айтат.

“Ремонт болгонго чейин жумушубуз кыйын эле, эшике чай кайнатчубуз, суу ташып, муздак сууга идиш жуучубуз. Ушинтип бизге ыӊгайлуулукту түзүп бергендери үчүн ыраазыбыз”.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн