Бакай-Ата айылында 15-февраль күнү суицидге каршы күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү.
Акыркы күндөрү жаш балдардын суицидге азгырылып жатканынын себеби эмнеде жана аны кандай жол менен азайтууга болот деген тема ар бир ата-эне жана мугалимдерди тынчсыздандырууда. Жыйынга катышкан Бакай-Ата райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Базарбеков менен бул туурасында маек курдук.
Бул жыйынга кайсы мекемелердин жетекчилери катышып жатат?
— Бакай-Ата районундагы мектептердин мугалимдери, прокуратура, ата-энелердин башкы төрагалары жана молдо-имамдары катышууда.
Айтсаңыз, мектептерде окуучулардын арасында суициддин алдына алуу иштери жүрүп жатабы?
— Ооба, негизи мугалимдердин чогулушунда жана ата-энелерди чогулушунда дагы айтуу түшүндүрү иштери жүрүрүп жатат.
Окуучулар арасында суицидге баргандар кездешип жатабы?
— Ооба, негизи менин угушум боюнча кабылган окуучулар бар деп айтып жатышат, бирок бизде так маалымат жок болуп жатат.
https://www.youtube.com/watch?v=QY9_eJtQMc8&t=5s
Мындай иш-чаралар натыйжасын берет деп ата энелер жана мугалимдер үмүттөнөөрүн айтат.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
НМ