Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде буга чейин 16-февралда спорт оюндары боюнча мелдештин биринчи баскычы өткөрүлгөн. 20-февраль күнү ал мелдештин уландысы, аскердик мелдеш өттү.

Спорт оюндарына катышкан 8-9-10-классынын окуучулары, бул аскердик мелдеште да күч сынашты. Аскердик мелдеште оодарыш, аскерлердин оң-солго басуусу жана медайымдардын биринчи жардамды көрсөтүшү боюнча болду. Бул мелдешке мугалимдерден турган топ калыстык кылды.



Ашырбай Коёнкөзов мектебинин мугалими, калыстар тобунун мүчөсү Намыс Эгембердиев:

«Биздин мектепте ушул сыяктуу мелдештер дайым өткөрүлүп келет. Бул мелдеш Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө арналып, негизги максаты — окуучулардын ден соолугун чыңдоо болду. Мелдеште окуучулардын кылган иш-аракеттери, аскерче басуулары абдан өзгөчө болду, алардын мыкты даярданганы көрүнүп турду”, — деп белгиледи өз сөзүндө Эгембердиев.
Буга чейин өткөн спорт оюндары боюнча жана ушул аскердик мелдештин упайлары кошулуп мелдеш жыйынтыкталды. Жыйынтык боюнча 167 балл менен 10-класстын окуучулары 1-орунду, 166 балл менен 9-классынын окуучулары 2-орунду жана 164 балл менен 8-классынын окуучулары 3-орунга ээ болушту.
Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн