Бакай-ата айылынын тургундары үчүн төө бурчактын баасынын төмөндөшү өтө оорчундуу маселени жаратууда. Дыйкандардын айтымына караганда, төө бурчактын баасы былтыркы жылы 110сом болсо, бүгүнкү күндө 55сом болууда, -дейт дыйкан Момункул.
“Былтыр төө бурчактын баасы жакшы болгон. Анткени 120 сомго чейин чыккан. 100 сомдон 110 сомдон өткөзүп баары жакшы жашоодо жашашты. Быйыл ошонун жарымына да жеткен жок.”
Бакай-Ата айылынын төө бурчак алуучу жайдын адиси Султан Осмоналиев 5 жылдан бери төө бурчак менен иштейт. Анын айтымына караганда төө бурчактын баасы кымбат болгону ага да жакшы, элге да жакшы.
“Анткени мурда фирмалар көп болчу. Турциядан түрк бизнесмендери келип мага, мынча баа менен алып бересин дейт. Мен болсо ошол баа менен алып берем. Мисалы 70 сом болгондо мага 71 сомго берет. Бакай-Ата төө бурчагынын сапаты жакшы. Башка айылдарга караганда 2-3 эсе жакшы», -дейт Султан Осмоналиев.
Азыркы убакта Таластын төө бурчагы жыйырмадан ашык мамлекеттерге экспорттолот. Анын ичинде Болгария, Турция, Орусия жана башка өлкөлөр.
Даярдаган: Бакай Сапаралиев.