Жалал- Абад шаарында Өнүктүрүү Саясат институту тарабынан «Жамааттык ЖМКлар жарандык коомдун өнүгүшүнө өбөлгө» темасында эки күндүк семинар өткөрүүдө.
Семинарга Жалал -Абад облусунун 9 айыл өкмөтүнүн адистери жана жамааттардын өкүлдөрү катышышты. Бешик-Жон, Ленин, Көк -Таш, Сакалды, Ала-Бука, Масы, Кеңеш, Первомай жана Багыш айылдарынан келишкен өкүлдөр семинардын пайдалуу экендигин, келечекте жамааттык мультимедиа борборлорун (ЖМБ) ачуу үчүн кенен маалымат алгандыгын баса белгилешти.
Өнүктүрүү саясат институту 2013-2014-жылдарда жогоруда аталган айыл өкмөттөрүнө негизги техникалык каражаттарды алып беришкен. Ал эми азыр бул институт ЖМБ болуп ачылуу үчүн керектелүүчү кошумча техкаражаттардын алуусуна көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Ал үчүн жамааттарга 25-ноябрга чейин эркин формадагы долбоордук сунуштарды даярдоосун белгиледи.