Барскоон айылынын Ак-Коргон жаӊы конушунда Казыбай Чылабаев атындагы орто мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республмкасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү жана чакырылган коноктор өз каалоо тилектерин айтышып белектерин тапшырышты.
“Бул мектеп стандартка ылайыктуу салынды. Азыр мектептин имаратын көрүп чыктым, абдан чоӊ салыныптыр, кээ бир мектептердин спорттук аянтчасы жок салынып жатат ал эми бул мектепте бүт баардыгы чогуу салынган. Ошол үчүн боз үйлөр тигилип бүгүн Барскоон эли үчүн чоӊ майрам болуп жатат. Бул мектеп ак жолтой мектеп болот деп ойлойм”- деп билдирди өз сөзүндө мектептин лентасын кесип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева.
Казыбай Чылабаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору Асаналиева Акылай Айбашовна мектептин ачылышы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди. Барскоон айылынын эӊ белгилүү инсандарынын бири К.Чылабаев эли үчүн көптөгөн алгылыктуу иштерди аткарып, согушка катышып канын-жанын берген, СССРдин эл агартуунун отличниги болгондугу үчүн ардактуу инсандардын бири болгон. Биздин айыл аксакалдары жана үй-бүлөсүнүн ортосунда чечилип, Ак-Коргон жаӊы конушундагы орто мектебине аты ыйгарылды.
“Бул мектеп башка айылдардагы мектептерден айырмаланып толук кандуу стандартка ылайык салынды. Заманбап жабдыктары менен жабдылып мугалимдер менен окуучуларга жакшы өбөлгө түзүп берүүдө” – деп билдирди Акылай Асаналиева.
Барскоон айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Руслан Төлөнович бир жыл сегиз айдан бери айыл башчысы болуп эмгектенип келе жатат. Ысык-Көл облусунун жетимиш беш жылдыгы жана Барскоон элинин кош майрамы менен куттуктап элине ийгилик каалап, ынтымакка чакырып өттү.
“Биздин айыл өкмөтү К.Чылабаев атындагы орто мектептин спорт залынын кургашын күтүп атабыз андан соӊ листвиницасын уруп бүтсөк толук кандуу ишке кирет деген чоӊ үмүтүм бар. Биздин айыл өкмөттүн мектепке салым кошуу түздөн түз милдетибиз ошол себептен өз салымыбызды кошобуз деген тилегибиз бар –деп билдирди Руслан Төлөнович.
Даярдагандар: Курманбекова Альбина, Имеркул кызы Мунара.