Бул майрам тууралуу калыстар тобунун мүчөсү Жылкыбаева Кымбат буларды айтат: «Эң таң калтырганы бул 10-класстын «Даназалуу доор» сценкасы абдан кызыктуу болду, үндөрү дагы төп келишиптир»
Катышкандарга кандай кызыктыруучу сыйлыктар берилди?
«Күзгү кеч» майрамына карата сахнанын ажары деп Амантурова Айдайга, Эрнис уулу Эрнатка грамота берилди,, ал эми 1-2-3-орун алган класстарга да ардак грамоталар тапшырылды.
«Күзгү кеч» майрамында жакшы ийгиликтерге жетишкен окуучулар өз ойлору менен да бөлүшүштү.
«Биз 10-класстын окуучулары жакшы ийгиликтерге жетиштик. Биз даярданууга көп убакыт сарптаган жокпуз, баардык эле класстардай аз убакыт калганда баарыбыз бирге ынтымакта даярданып 1-орунду алганга жетиштик. Абдан кубандык 1-орун алганда азыр да кубанычыбыз койнубузга батпай турат.
-Бул майрамдын өтүшүнө кандай ойдосуз?
«Бул майрам жылда эле өтүп турса деп ойлойбуз жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз».
-«Күзгү кеч майрамында кандай ийгиликтерге жетиштиниздер?
«Биз 9-класстын окуучулары «Күзгү кеч»майрамында 2-орунду алдык аябай жакшы өттү жана калыс болду. Биз эң кичүү класс болгондуктан, бизден улуулар турганда биз орунга илинбейбиз го дегенбиз бирок аябай жакшы өттү, абдан кубанып чоң жетишкендикке жетишкендей болдук. Негизи биздин максатыбыз утуу эмес катышуу эле. Мындай майрамдар күз, жазда көп болуп турса деген ойдобуз, баарыбызда толкундоолор болду бирок түшүм майрам, күзгү кеч көп көптөн болуп турса дейбиз.
Түшүм майрамы не себептен өткөрүлүп тураарын билүү үчүн мектеп директору Мамытов Аликке кайрылдык.
«Жылыга «Күзгү кеч» майрамы өтүлүп жүрөт себеби алынып жаткан түшүмдөрдүн жыйынтыгы кандай жетишкендиктерге жеттик ушулардын жыйынтыгын чыгарабыз да»
-Сиздер күзгү кеч майрамына кандай кандай көз караштасыздар?
«Абдан жакшы көз караштабыз күз деген бул өзү берекесин берип турат, дайым эле жумуш иштей бербестен алынган түшүм менен бир майрамды өткөрүү».
«Күз» майрамынын өз берекеси бар дегендей мындан ары дагы бул майрам өткөрүлө берсин.
Даярдагандар: Амантурова Айдай, Бейшебаев Саламат