Тасма айылынын тургуну Алакенов Сабырбек 20 жылдан бери устачылык өнөр менен алектенип келет. Ал ат жабдыктарын жүгөн, үзөнгү, ээр,тердик, баасмайыл жана башкаларды жасайт. Өзүнүн өнөрү туралуу кененирээк буларды айтат.
Сиз устачылык өнөр менен канча жылдан бери алектенип келесиз?
,,Бери жагын айтканда 20 жыл болуп калды. 20 жылдан бери ат жабдык атка керектүү камчы, тердик, атка керектүү нерселерди жасап келем»
Бул иш сизге киреше алып келеби?
Алып келет, өзүмдүн күнүмдүк турмушума оокат тиричилигиме жетет.
Көбүнчө кимдер сизге жасатышат?
Көбүнчө жайлоого чыккан малчылар, мал баккандар алат. Айылдагылар алат, керектөөчүлөр атка минчүлөр жасатышат.
Ат жабдыктарын эмнеден жасайсыз?
Буларды көбүнчө кайыштан жасайм анан жез камчылар табылгадан ар түрдүү нерселерден өрүп, тигип жасайм.
Бул өнөрдү сиз кимден үйрөнгөнсүз?
Аскерден келгенден кийин өзүм эле аракет кылып, өзүм жасап, кызыгып жасап жүрөм .
Сабырбек аба жасаган ээрди сатып алган айыл тургунунун бири Кайыков Майрамбек бул ээрдин сапаты жакшы экенин жана Сабырбек аба өз ишин мыкты билерин айтып өттү.
Качан алдыңыз эле ээрди колдонгонуңузга канча болду?
4 жыл болду. Сабырбекке көз карашым жакшы ээр жасап берген колдонуп жүрөм»
Кандай өзгөчөлүктөрү бар экен?
Токуганга жеңил, кайыштары, терилери бышык сапаты жакшы»
Баасы сизди канааттандырдыбы?
9 миңге алгам комплектси менен ноктоосу, камчысы бар, тердиги менен ичмеги менен баары толко токуп кетме. Айыл тургуну Дүйшөн бул ээрди көптөн бери колдонуп келет.Себеби ал өтө ынгайлуу жакшы жасалганын айтты. Сабырбек абанын ээрлерин бүт айылдыктар алып колдонуп жүрүшөрүн дагы билдирди.
Сабырбек абанын колунан баары келет айылдагылардын баардыгы жасаган буюмдарын колдонуп жүрөт, сырттан келгендер да алып колдонушат атайын издеп келишет, дейт Дүйшөн аба.
Сабырбек абанын колунан жасалган буюмдарды айыл тургундарынын көпчлүгү колдонуп келишет. Биз дагы Сабырбек абага чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз мындан ары да өзүнүн жасаган нерселери менен элдерди кубантып жүрө берсин!
Даярдагандар: Кубатбекова Айгерим, Бейшебаев Саламат