“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары үчүн бир күндүк окуу өткөрүлдү. Окууда ыктыярчылар жарандык журналистика, тема тандоо, интервью, жанылык жазуу жана аны сайтка жайгаштырууну үйрөнүштү. Топторго бөлүнгөн ыктыярчылар теориялык алган билимдерин практика жүзүндө иштеп көрүшүп, чакан маалыматтарды даярдашты. Окууну өткөрүп жаткан Н. Иманкулов “Борбордо келечекте журналист болом деген ыктыярчылар иштейт. Ошол себептүү аларга азыртан туура багыт берип, ушул сыяктуу окууларды өтүп туруу керек. Аларды окуунун жүрушундө тажатып жибербеш үчүн ар түрдүү оюндарды ойноттум жана керектелүүчү буюмдарды өз каражатыма сатып келдим ”- деди.
Даярдаган: А. Айылчиева