Конорчок айыл аймагында райондо биринчилерден болуп балык өстүрүү жакшы жолго коюлууда. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын негизинде ишке ашкан балык чарбасына алгач Ысык-Көлдун Георгиевка айылынан 600, андан кийин Чүй облусундагы Беш-Күңгөй айылынан 4000 даана балык алынып келинип өстүрүлүүдө. Балыктар атайын булактын муздак суусунан жасалган чакан эки көлмөдө багылууда. “Бир күндө эки маал жем берилет. Голландиядан, Кытайдан жана Германиядан алынып келинген гранул жемин беребиз. Бул форелль балыгын биздин райондун бардык айылында өстүрсө болот, анткени булактын суусуна багылат. Акырындап балык чарбасын элге жайылтабыз”- дейт балык өстүрүүчү Т.Боталиев.
Даярдаган: Б. Мамытбекова
jogo de casino